# Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17 "Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17 "Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50650/edition/46284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17 "Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому (29.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039784

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17

Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысы төмөндөгүгө ылайык бекилсин:

· Сугат жердин 1 (бир) га – 14049 (он төрт миң кырк тогуз) сом;

· Кайрак жердин 1 (бир) га – 2196 (эки миң бир жүз токсон алты) сом;

· Көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлердин 1 (бир) га – 7140 (жети миң бир жүз кырк) сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов
