# Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 16 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 16 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50644/edition/46276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 16 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (29.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039775

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 29-апрелиндеги № 16

Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3; 4 пункттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер мунапысын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык амнистиясынын объектисине бекитүү үчүн жер участоктун өлчөмү 4 (төрт) - 12 (он эки) сотокко чейинки өлчөмдө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов
