# Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "Айылдык жамааттардын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "Айылдык жамааттардын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50641/edition/46269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "Айылдык жамааттардын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндө" токтому (29.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039771

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 29-апрелиндеги № 13

Айылдык жамааттардын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 57-беренесинин негизинде, ошондой эле Фрунзе шаарынын аймагындагы АКИАнын ишин карап чыгып, талкуулап, айыл аймагы, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын аймагы АКИАнын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары белгиленсин.

2. Бекитилген Уставдын жана протоколдун негизинде Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинде АКИА каттоодон өткөрүлсүн.

3. Фрунзе айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына жана айылдык Кеңештин Регламентине ылайык, бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүүнү камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов
