# Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 10 "«Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн» төлөмдөрдү төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 10 "«Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн» төлөмдөрдү төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50637/edition/46263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039765.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 10 "«Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн» төлөмдөрдү төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (12.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039765

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 23-(кезектүү) сессиясы

2023-жылдын 12-апрелиндеги № 10

«Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн» төлөмдөрдү төлөө тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктуна ылайык, ошондой эле «Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2023-жылдын 09-февралында өткөн ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Фрунзе айылдык кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелинде №7 токтому менен бекитилген «Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесине бир күндүк ата-энелик төлөмдүн өлчөмүнө кирген «Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн» 10 (он) сом өлчөмүндөгү сумма өзгөрүүсүз калтырылсын жана бала барган күндөрүнө карабастан алынсын.

2. «Башка чыгашалар жана муктаждыктар үчүн» 10 (он) сом өлчөмүндөгү сумма бала барган күндөрүнө карабастан апрель айынан баштап алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Солнышко» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору –Э.К. Оморовага жүктөлсүн.

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов
