Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Фрунзе айылдык кеңешинин «Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 23-(кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 9
Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде жана Фрунзе айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-сентябрындагы №31 токтому менен бекитилген Фрунзе айыл аймагынын Перспективдүү планына ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагын кеңейтүү максатында, Фрунзе айыл аймагында Студент айылынын 160 конутрунда жайгашкан жалпы аянты 2 га жер участокторун (кайрак жер) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуп берүү (трансформациялоо) боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына кайрылууга макулдук берилсин,
2. Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча Сокулук райондук комиссиясына арыз берүү үчүн бардык тиешелүү документтерди даярдоо Фрунзе айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага
Ш.Ш. Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон