# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 64-т (Жер участогун комплекстүү өздөштүрүү жөнүндө инвестициялык макулдашуу түзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 64-т (Жер участогун комплекстүү өздөштүрүү жөнүндө инвестициялык макулдашуу түзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64-т
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19668/edition/46132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 64-т (Жер участогун комплекстүү өздөштүрүү жөнүндө инвестициялык макулдашуу түзүү тууралуу) тескемеси (06.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039670

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 6-февралы № 64-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын 17-пунктунун 4-пунктчасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 220 дарегинде жайгашкан, аянты 1,5 га, идентификациялык коду 1-02-04-0008-0053 болгон жер тилкесинде көп функциялуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн «Аманат Строй Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому менен инвестициялык макулдашуу түзүү мүмкүндүгүн белгиленген тартипте карасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
