# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 37-т (Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоого нотариалдык документтерди берүү механизмин киргизүү боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 37-т (Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоого нотариалдык документтерди берүү механизмин киргизүү боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 37-т
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19666/edition/46123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 37-т (Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоого нотариалдык документтерди берүү механизмин киргизүү боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси (26.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039664

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 26-январы № 37-т

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренесин ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, электрондук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик нотариустардын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоого документтерди жөнөтүү үчүн зарыл болгон электрондук реестрлерге, маалымат базаларына тартибин, көлөмүн жана техникалык шарттарын аныктоо менен жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) нотариустарды интеграцияланган мамлекеттик маалымат системалары менен иштөөгө окутууну уюштурсун;

2) документтерди мамлекеттик каттоого жөнөтүүнүн белгиленген талаптарынын жана эрежелеринин нотариустар тарабынан сакталышын контролго алсын;

3) кыймылсыз мүлккө укуктар менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн нотариустар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын бирдиктүү ставкасын белгилөөнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:

1) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун автоматташтырылган маалымат системасын “Электрондук нотариат” автоматташтырылган маалымат системасы жана “Түндүк” мамлекеттик порталы менен техникалык интеграциялоону камсыз кылсын;

2) мамлекеттик маалымат системаларында камтылган маалыматтарды коргоону камсыз кылсын;

3) ушул тескемени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин;

4) каттоо жыйымдарын жана төлөмдөрдү электрондук сервистер, анын ичинде QR-код аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;

5) өздөрүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин;

6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Бул тескемени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
