# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/34 "Жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/34 "Жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/34
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50555/edition/46114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/34 "Жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алуу жөнүндө" токтому (21.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039659

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жыл 21-апрели № 01-7/34

Жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алуу жөнүндө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Бакыт көчөсү №5а,5б дарегинин тургуну Р. Мусабаеванын короосунда ашыкча чыккан 104,0 чарчы метр жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Сокулук айылынын Бакыт көчөсү №5а,5б дарегинин тургуну Р.Мусабаеванын короосунун ашыкча чыккан 104,0 чарчы метр жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев
