# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/30 "Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/30 "Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/30
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50549/edition/46107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/30 "Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтому (21.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039653

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жыл 21-апрели № 01-7/30

Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, “Сокулук ГЭС-1” ЖЧКсынын 2025-жылдын 29-мартындагы №01-25-07 кайрылуу катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги №01-34/302 катынын жана башка укук берүүчү тиешелүү материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын климаттык кыйынчылыктардан, электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнөн улам кубаттуулуктун жетишсиздигин жоюуга салым кошуу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Төш-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,02 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” тарабынан курууга алынган “Сокулук-ГЭС-1” ЖЧКсына белгиленген тартипте, талапка ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу деп чыккан тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде Төш-Булак айылынын Сокулук дарыясынын нугунда жайгашкан 6,02га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев
