Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/27
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75 “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундангы №143 “Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын 2-беренесинин (8-2) мамлекеттик маанидеги объекттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20, 23-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси – Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2025-жылдын 6-мартында бекитилген №25-2387 иш-чаралар планынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча турак жайга муктаж жарандардын саны жылдан жылга өсүп, учурда 1648 жаран кезекте тургандыгын жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарындагы турак жайга муктаж, ата-энесинен ажырап калган, келечекте жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдарды, көп балалуу жалгыз бой энелерди, мүмкүнчүлүгү чектелген майыптыгы бар жарандарды биринчи кезекте турак жай менен камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен, Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылындагы №1195 контурунда жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен 28,78га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна Сары-Өзөн айыл аймагынын турак-жайга муктаж жарандарын камсыз кылуу максатында мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
С.Б.Бекмырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү…Закон · 21.07.2023 · № 143
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2021 · № 75 · Күчүн жоготкон