# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/25 "Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/25 "Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/25
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50525/edition/46070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/25 "Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө" токтому (20.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039618

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жыл 20-марты № 01-7/25

Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Степная көчөсүндөгү №880, №884-контурларда жайгашкан спорт комплекске тиешелүү жалпы аянты 0,75 ганын ичинен спорт зал курууга 736 чарчы метр жер тилкесин 10 жылдык мөөнөткө ижарага сураган Бишкек шаарынын Чокморова №154/7 дарегинин жашоочусу А.П.Султанкуловдун арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Сокулук айылынын Степная көчөсүндө №880, №884-контурларда жайгашкан спорт комплекске тиешелүү жалпы аянты 0,75 ганын ичинен спорт зал курууга 736 чарчы метр жер тилкесин Бишкек шаарынын Чокморова көчөсүнүн №154/7 дарегинин жашоочусу А.П.Султанкуловго 10 жылдык мөөнөткө ижарага бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев
