# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 25 "Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 25 "Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11025/edition/46066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 25 "Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (31.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039612

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 31-январы № 25

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

## II бөлүмдүн 4-главасында:

– 5–8-пункттардагы “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл” деген сөздөр алып салынсын;

– 10-пункттун “Улук кызмат орду” тобунун “У-А” категориясынын “Укук коргоо органдары” графасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (\*\*\*\*\*\*)”;

– 1–4-главаларга эскертүүдө:

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “(\*\*\*\*\*\*) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасындагы административдик мамлекеттик кызмат орду, ага дайындоо (бошотуу) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жүзөгө ашырылат.”.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:

– I бөлүмдө:

## 1-главанын 9-пунктундагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын;

## 2-главанын 10-пунктундагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:

– 6-пункттагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
