# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 92-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 92-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92-VIII
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039599>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16678/edition/46051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039599.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 92-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (28.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039599

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-январы № 92-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: “2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин курамына талапкерлер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
