# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/18 "Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/18 "Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/18
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50508/edition/46040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/18 "Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (20.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039590

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жыл 20-марты № 01-7/18

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Алтаеванын Асылбаш айылынын тургуну А.Джунушевдин жубайына онкологиялык оор операция жазатууга материалдык жардам көрсөтүүнү суранган арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Асылбаш айылынын Шамшы көчөсү №8 дарегинин тургуну Т.Джунушевге жубайы А.Джунушеванын операциясы үчүн 20 000 сом материалдык жардам бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев
