Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/18
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Алтаеванын Асылбаш айылынын тургуну А.Джунушевдин жубайына онкологиялык оор операция жазатууга материалдык жардам көрсөтүүнү суранган арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Асылбаш айылынын Шамшы көчөсү №8 дарегинин тургуну Т.Джунушевге жубайы А.Джунушеванын операциясы үчүн 20 000 сом материалдык жардам бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары
С.Б.Бекмырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111