# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 6-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 6-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6-VIII
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16675/edition/46033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 6-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому (17.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039584

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-декабры № 6-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын эки орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:

1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;

3) Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитет;

4) Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;

5) Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

6) Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;

7) Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;

8) Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
