# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230039578/edition/46023/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (09.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039578

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 9-февралы № 31 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 10, 20 жана 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.»;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.»;

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын жактыруу жана аны 5 жылда кеминде бир жолу кайра кароо. Зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;

- бассейндик пландардын долбоорлорун жактыруу жана аларды ар бир 5 жыл сайын кайра кароо;

- суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш жөнүндө ар жылдык отчетту бекитүү;».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
