# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 7-марты № 01-7/12а "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 7-марты № 01-7/12а "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/12а
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50500/edition/46018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 7-марты № 01-7/12а "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (07.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039575

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жыл 7-марты № 01-7/12а

Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы №680-р токтомун аткаруу максатында жаңы мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгек акысын каржылоо жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн 2024-жылдын 6-ноябрындагы №716-р буйругуна, “мамлекеттик тарифтик саясаттын алкагында калкты жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын өндүрүү жана сатууга байланыштуу жабылбаган чыгымдарды компенсациялоо максатында” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 55-беренесине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттарды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө, субсидиялар жана башка трансферттерди берүү, каражаттарды максаттуу пайдалануу камсыз кылынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик пландоо комиссиясына жана СЭОнун башчысы Г. Тулиновага жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев
