# Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 40/XIV – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 40/XIV – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50496/edition/45995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 40/XIV – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө" токтому (17.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039569

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 17-октябры № 40/XIV – 1

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын түшкөнүнө байланышту, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджет кодексинин 13-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 – беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21- беренесинин, 8 - пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 - жылдын 1- августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылынын 9-айынын жыйынтыгы менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4 – кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгү- 48309,7 миң сомго көбөйсүн.

2. Кайынды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2025-жылдын 4 - кварталынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттары төмөнкү беренелерге жумшалсын:

- 70111 беренеси – “Аппарат” бөлүмү боюнча чыгаша бөлүгү – 22438,3 миң сом.

- 70629 беренеси “ММБ” - 5576,8 миң сом

- 3112 беренеси “Библиотека китеп фонду” – 37,7 миң сом

- 70911 беренеси “Улыбка” бала бакчасы – 17603,3 миң сом

- 70921 беренеси “Мектептер” – 1819,8 миң сом

- 70823 беренеси “Маданият бөлүмү” – 183,9 миң сом ар кандай иш -чараларды өткөрүүгө

- “Социалдык коргоо” беренеси – 150,0 миң сом

- “Каинды – Сервис” муниципалдык ишканасына – 500,0 миң сом субсидия берүүгө

3. Кайынды шаарынын мэриясынын, Кайынды шаардык кеңешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык кызматкерлерине күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында бир эмгек акынын өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин

Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине жөнөтүлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага У.Б. Абдрасулов
