# Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 39/XIII – 6 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 39/XIII – 6 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50456/edition/45938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 39/XIII – 6 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039508

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 1-октябры № 39/XIII – 6

Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосун бекитүү жана юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кайыӊды шаарынын мэриясынын Жобосунун 3.1., 4.10-пунктарын жетекчиликке алуу менен Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Жобосунун жаны редакциясы бекитилсин.

2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Н.Е.Курамаевге муниципалдык менчик бөлүмүнүн укук белгилөөчү документтерин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайра каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.

3. Ишкананын толук аталышы: Мамлекеттик тилде: Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү; Расмий тилде: Отдел по муниципальной собственности при мэрии города Каинда

4. Ишкананын кыскартылган аталышы: Мамлекеттик тилде: ММБ; Расмий тилде: ОМС

5. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Панфилов району, Кайыңды шаары, Каныкей кɵч.19. дареги болуп саналсын.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага У.Б.Абдрасулов
