# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1181-т (Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптарды бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1181-т (Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптарды бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1181-т
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19664/edition/45932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1181-т (Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптарды бекитүү тууралуу) тескемеси (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039502

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 31-декабры № 1181-т

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 195-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптар 1-тиркемеге ылайык;

2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын формасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасында колдонулуучу жасалма интеллект тутумдарынын ээлери уюштуруу-укуктук формаларына, ведомстволук таандыгына жана менчик формаларына карабастан, мындай тутумдарды колдонууну жана эксплуатациялоону баштоого чейин:

1) өзүнүн жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ушул тескеме менен бекитилген формага ылайык шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу жолу менен милдеттүү ырастоону камсыз кылсын;

2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларацияны интернет тармагына өздөрүнүн сайттарына квалификациялуу санариптик колтамга менен кол коюлган санариптик документ формасында жеткиликтүүлүгү чектелбеген жалпыга жеткиликтүү санариптик жазуу түрүндө жайгаштырсын (жарыяласын).

3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Begin\_nocompare

2-тиркеме

Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын формасы Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээсинин логотиби (бар болгондо) Шайкештик жөнүндө декларация Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээси болуп эсептелген юридикалык же жеке жактын аталышы, СИН \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ээсинин турган жери (адамдын дареги, иш жүзүндө иш жүргүзүлүүчү дарек), байланыш маалыматы (телефон номери, электрондук почта дареги, веб-сайт) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ "атынан" (кызмат ордунун аталышын жана жетекчисинин Ф.А.А. көрсөтүү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун ээси болуп эсептелүүчү (мындан ары - тутум) Тутумдун аталышы, максаттуу багыты \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тутум тактык, ишенимдүүлүк, санариптик туруктуулук, ачыктык, түшүнүктүүлүк, контролдонуучулук параметрлери боюнча Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына шайкеш келет деп билдирет. Сыноолордун протоколу, тестирлөө жөнүндө отчет (реквизиттер, эгер мүмкүн болсо - сыноолордун босого маанилери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Декларация төмөнкүлөрдүн негизинде кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси) жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесинин регламенти (эгер мүмкүн болсо) (регламенттин реквизиттери, кесиптик бирикменин аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Системанын кооптуулугун баалоо бекитилген баалоо методикасынын негизинде жүзөгө ашырылган "методика бекитилген дата" "дареги боюнча жеткиликтүү (веб-сайтка шилтеме, мында тутумдун кооптуулугун баалоо методикасы жайгаштырылган)" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Тутумдун техникалык документтери төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү (тутумдун техникалык документтери жайгаштырылган веб-сайтка шилтеме) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Тутум жөнүндө кошумча маалымат (эгер мүмкүн болсо) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Декларация кабыл алынган дата \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Документке санариптик колтамга менен кол коюлган (Тутумдун ээси) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ End\_nocompare
