Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптарды бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1181-т
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 195-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын мазмунуна талаптар 1-тиркемеге ылайык;
2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын формасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасында колдонулуучу жасалма интеллект тутумдарынын ээлери уюштуруу-укуктук формаларына, ведомстволук таандыгына жана менчик формаларына карабастан, мындай тутумдарды колдонууну жана эксплуатациялоону баштоого чейин:
1) өзүнүн жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ушул тескеме менен бекитилген формага ылайык шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу жолу менен милдеттүү ырастоону камсыз кылсын;
2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларацияны интернет тармагына өздөрүнүн сайттарына квалификациялуу санариптик колтамга менен кол коюлган санариптик документ формасында жеткиликтүүлүгү чектелбеген жалпыга жеткиликтүү санариптик жазуу түрүндө жайгаштырсын (жарыяласын).
3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
2-тиркеме
Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги жөнүндө декларациянын формасы Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээсинин логотиби (бар болгондо) Шайкештик жөнүндө декларация Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээси болуп эсептелген юридикалык же жеке жактын аталышы, СИН ___________________________________________________________________________________ Ээсинин турган жери (адамдын дареги, иш жүзүндө иш жүргүзүлүүчү дарек), байланыш маалыматы (телефон номери, электрондук почта дареги, веб-сайт) ___________________________________________________________________________________ "атынан" (кызмат ордунун аталышын жана жетекчисинин Ф.А.А. көрсөтүү) ___________________________________________________________________________________ жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун ээси болуп эсептелүүчү (мындан ары - тутум) Тутумдун аталышы, максаттуу багыты ___________________________________________________________________________________ тутум тактык, ишенимдүүлүк, санариптик туруктуулук, ачыктык, түшүнүктүүлүк, контролдонуучулук параметрлери боюнча Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына шайкеш келет деп билдирет. Сыноолордун протоколу, тестирлөө жөнүндө отчет (реквизиттер, эгер мүмкүн болсо - сыноолордун босого маанилери) ___________________________________________________________________________________ Декларация төмөнкүлөрдүн негизинде кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси) жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесинин регламенти (эгер мүмкүн болсо) (регламенттин реквизиттери, кесиптик бирикменин аталышы) ___________________________________________________________________________________ Системанын кооптуулугун баалоо бекитилген баалоо методикасынын негизинде жүзөгө ашырылган "методика бекитилген дата" "дареги боюнча жеткиликтүү (веб-сайтка шилтеме, мында тутумдун кооптуулугун баалоо методикасы жайгаштырылган)" ___________________________________________________________________________________ Тутумдун техникалык документтери төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү (тутумдун техникалык документтери жайгаштырылган веб-сайтка шилтеме) ___________________________________________________________________________________ Тутум жөнүндө кошумча маалымат (эгер мүмкүн болсо) ___________________________________________________________________________________ Декларация кабыл алынган дата ___________________________________________________________________________________ Документке санариптик колтамга менен кол коюлган (Тутумдун ээси) __________________________________________ End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122