# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1178-т (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1178-т (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1178-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19663/edition/45924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1178-т (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жактыруу тууралуу) тескемеси (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039496

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2025-жылдын 31-декабры № 1178-т

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
