# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 304 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 304 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19662/edition/45923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 304 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039494

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 19-майы № 304

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:

- 2-главанын 2, 3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:

- 2-главанын төртүнчү абзацында "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын;

- 3-главада:

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин;";

- 4-главада:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин;"; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин;"; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;";

- 5-главада:

алтынчы абзацта "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
