Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-майы № 304
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 2-главанын 2, 3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-главанын төртүнчү абзацында "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-главада:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин;";
- 4-главада:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин;"; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин;"; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;";
- 5-главада:
алтынчы абзацта "жазык аткаруу системасы," деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2021-жылдын 30-ноябры № 627 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 30.11.2021 · № 627
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122