# Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 36/XIII – 3 “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 36/XIII – 3 “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50449/edition/45928/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 36/XIII – 3 “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039492

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 10-октябры № 36/XIII – 3

“Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесин турмушка ашыруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунуна ылайык жана Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:

Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага У.Б.Абдрасулов
