Кайыңды шаардык кеңешинин – 3 “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 36/XIII – 3
“Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесин турмушка ашыруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунуна ылайык жана Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
Кайыңды шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б.Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.