# Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/2 Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/2 Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/2
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50424/edition/45894/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/2 Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө токтому (19.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039463

---

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

2024-жылдын 19-июлу № 26/2

Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы №689-токтомуна ылайык Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылында жайгашкан “Татына” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу боюнча карап чыгып талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Бала бакчага кошумча штаттык бирдик жагы жана кабыл алынуучу балдарга 60 (алтымыш) орунга квота берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

К.Абдраев
