# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/3
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50420/edition/45883/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039453

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 1-августу № 12/3

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10 жана 19-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-августундагы №01-18/2833 катын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага:

Б. Шералиев
