# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-январындагы № 24 "Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-январындагы № 24 "Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50417/edition/45873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-январындагы № 24 "Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039448

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23 январындагы № 24

Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмегин бекитүү жөнүндө

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-декабрындагы № 694 “Театр артисттеринин жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана коллективдеринин өзгөчө эмгек шарты үчүн пенсия алууга укуктуу айрым категорияларынын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын ТИЗМЕГИ

1. Сахнада чыгармачылык иш стажы 20 жылдан кем эмес болгон учурда эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:

1) балеттин артисттери;

2) кесиптик көркөм жамааттарда бий номерлерин аткаруучу артисттер;

3) мимика жана жаңсоо театрынын артисттери;

4) травести (балдардын, өспүрүмдөрдүн, кыздардын ролун аткарган артисттер).

2. Цирктердин жана концерттик уюмдардын артисттери:

1) цирк искусствосунун жанрларынын номерлерин аткарган, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу гимнасттар, мотовелофигуристтер, эквилибристтер, тең салмактоочулар, акробаттар, чабандестер, жапайы жырткычтарды машыктыруучулар, күч жонглёрлору, маскарапоздор (килемчедеги), 50 жашка чыккан балбандар;

2) артист-вокалисттер (солисттер), хордун артисттери, опера жана балет театрларынын, музыкалык жана музыкалык-драмалык театрлардын, концерттик уюмдардын, телекөрсөтүү жана радиоуктуруулардын үйлөмө аспаптарында ойногон артисттер.
