# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50407/edition/45858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039433

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-январы № 31

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана учурдагы жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункттун 1-пунктчасында:

– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

– бешинчи абзацта “1 150 000 000 (бир миллиард жүз элүү миллион)” деген сөздөр “2 650 000 000 (эки миллиард алты жүз элүү миллион)” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
