Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 31
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана учурдагы жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттун 1-пунктчасында:
– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– бешинчи абзацта “1 150 000 000 (бир миллиард жүз элүү миллион)” деген сөздөр “2 650 000 000 (эки миллиард алты жүз элүү миллион)” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү…Постановление · 20.06.2024 · № 325
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122