# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январы № 51 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январы № 51 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50400/edition/45835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январы № 51 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (31.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-январы № 51

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматынын (Медициналык кызмат) аскердик-медициналык техникасын натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) жөнүндө жободо:

– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:

“16) медициналык-санитардык камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү үчүн медициналык автомобиль техникасын, мобилдүү госпиталды колдонуу жана зарыл болгон учурда медициналык персоналды тартуу менен жана жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча тынчтык мезгилде жарандык калкка медициналык жардам көрсөтүү.”.

2. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
