# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 "Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 "Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230039413/edition/45833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 "Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 31-январы № 49 Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)

“Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүнү жүргүзүүгө жана берүүгө ыйгарым укук берилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
