Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 31-январы № 49 Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
“Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүнү жүргүзүүгө жана берүүгө ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Положение · 31.01.2026 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябры № 620 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 "Качкындын жол жүрүү…Постановление · 17.09.2026 · № 620
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.