# Тилектеш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №15/1 Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Тилектеш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №15/1 Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/1
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50335/edition/45777/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тилектеш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №15/1 Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому (28.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039353

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

2026-жылдын 28-январы, № 15/1

Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 6 144 451 (алты миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз элүү бир) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 1 114 451 (бир миллион бир жүз он төрт миң төрт жүз элүү бир) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.

Төрага:

К.Төрөшев
