Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тилектеш айылдык кеңешинин Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 28-январы, № 15/1
Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 6 144 451 (алты миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз элүү бир) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 1 114 451 (бир миллион бир жүз он төрт миң төрт жүз элүү бир) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
К.Төрөшев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги N 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Күчүн жоготкон