# Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы №3/5 «Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы №3/5 «Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/5
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50282/edition/45710/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы №3/5 «Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жөнүндө» токтому (06.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039289

---

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын

2025-жылдын 6-февралындагы №3/5

«Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статясынын жана Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин 2024-жылдын 26-29-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жана Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ала-Бука филиалынын 2024-жылдын 2-декабрындагы №01-08/262 катына ылайык жана айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндө жайгашкан 0,29 га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2.Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндө жайгашкан 0,29 га жер аянтын мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.

3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т.Хамракулов
