# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 71-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 71-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71-VIII
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16665/edition/45685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 71-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 21-январындагы № 71-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; “2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы” кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; “Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
