Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 15-октябры № 667
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Лицензияны кайра тариздөөнү, дубликатын берүүнү, токтотуп турууну, кайра жаңылоону, токтотууну жана жокко чыгарууну кошпогондо, 2025-жылдын 20-октябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу (мораторий) мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 20-октябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195