# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50209/edition/45607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 30-январы № 41 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-пунктта:

– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пунктча менен толукталсын:

“2¹) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;”;

– 3-пунктча “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2¹-тиркеме менен толукталсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме “21 -тиркеме

Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чеги

№

Кызмат орундарынын аталышы

Ош шаары

Бишкек шаары

1

Төрага

1

1

2

Төраганын орун басары

1

2

3

Аппарат жетекчиси

1

1

4

Бөлүм башчысы

1

4

5

Башкы адис

3

8

6

Жетектөөчү адис

2

7

7

Адис

2

5

Бардыгы

11

28

Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы

4

6

Жалпы

15

34

“.
