Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 30-январы № 41 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пунктта:
– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пунктча менен толукталсын:
“2¹) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;”;
– 3-пунктча “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2¹-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме “21 -тиркеме
Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чеги
№
Кызмат орундарынын аталышы
Ош шаары
Бишкек шаары
1
Төрага
1
1
2
Төраганын орун басары
1
2
3
Аппарат жетекчиси
1
1
4
Бөлүм башчысы
1
4
5
Башкы адис
3
8
6
Жетектөөчү адис
2
7
7
Адис
2
5
Бардыгы
11
28
Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы
4
6
Жалпы
15
34
“.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 16.07.2025 · № 419
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн…Постановление · 10.02.2026 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 16.07.2025 · № 419
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн…Постановление · 10.02.2026 · № 81