# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябры № 56/ХIII "Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябры № 56/ХIII "Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56/ХIII
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78938/edition/45568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябры № 56/ХIII "Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039150

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-октябры № 56/ХIII

Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270“Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тарабынан бекитилген иш-чаралар планын ишке ашыруу жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо максатында

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 01-ноябрында саат 10-00 дайындалсын.

2. Узун-Кыр айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (1 тиркеме)

3. Узун-Кыр айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны калктын санына ылайык 100 өкүлдөн турары белгиленсин. (2 тиркеме)

4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүмдөргө бөлүү (айылдарга, кварталдарга, көчөлөргө) жана өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын санынын квотасы бекитилсин (№3 тиркеме)

5. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды 2025-жылдын 17-18 октябрында графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 4-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин регламент,этика,укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Минбаев
