# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII "Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII "Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/ХII
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78937/edition/45562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII "Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039146

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII

Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында,

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:

- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынсын;

- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин;

өзгөчө учур – 31-декабрдан 1-январга караган түнү – саат 04:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилет

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин:

- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

-мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Минбаев
