# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 13 "2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 13 "2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50187/edition/45556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 13 "2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039142

---

ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2026-жылдын 19 январындагы № 13

2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө

2026-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2026-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 2026-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 «2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 20-январындагы № 3 (3763) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
