# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 54/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 54/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54/ХII
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78934/edition/45555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 54/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (11.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039139

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-сентябры № 54/ХII

Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26- августундагы № 01-10/1361 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ мыйзамынын 57-беренесине ылайык, айыл аймактагы кварталдык комитеттерди ишмердүулүгүн тартипке келтирүү жана укуктук негизде иш алып баруусун камсыздоо максатында

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттери жөнүндө Жобосу №1тиркемеге ылыйык бекитилсин.

2. Узун-Кыр айыл аймагынын кварталдык комитеттеринин саны жана чектери №2 тиркемеге ылайык бекитилсин

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Минбаев
