# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 53/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 53/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53/ХII
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78933/edition/45551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 53/ХII "Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039135

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-сентябры № 53/ХII

Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 08-сентябрындагы №10/1 айыл аймактын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагынын №7147, №7148, №7410 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковго жүктөлсүн

Төрага

Т.А.Минбаев
