# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январы № 1 “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январы № 1 “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11012/edition/45549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январы № 1 “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (15.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039134

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 15-январы № 1

“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Мамлекеттик маалыматтык саясатты өркүндөтүү, басма базасын чыңдоо жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– “Кыргыз Туусу” басма үйүн, “Слово Кыргызстана” басма үйүн, “Байчечекей” балдар журналын, “Ала-Тоо” адабий-көркөм журналын бириктирүү жана “Жеткинчек” гезитинин жана “Кырчын” журналынын редакцияларын жоюу жолу менен “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзсүн;

– маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү штаттык чегин 22 штаттык бирдикке көбөйтүү менен “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жобосун, штаттык расписаниесин жана бюджетин иштеп чыксын жана бекитсин.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
