# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 01-3/64 "Нарзан айыл аймагынын билим берүү мекемелерине көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 01-3/64 "Нарзан айыл аймагынын билим берүү мекемелерине көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-3/64
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50180/edition/45542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 01-3/64 "Нарзан айыл аймагынын билим берүү мекемелерине көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (20.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039126

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/64

Нарзан айыл аймагынын билим берүү мекемелерине көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун 2025-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн комиссия жыйынында берилген протоколдук тапшырманы аткаруу максатында, Нарзан айыл аймагынын билим берүү мекемелерине көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу боюнча мектеп мүдүрлөрүнүн сунуштарынын негизинде Нарзан айылдык кеңештин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл аймагындагы төмөнкү билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарынын ысымдары ыйгарылсын:

- №1 Ак-Суу жалпы билим берүү мектебине – Чынгыз Айтматовдун ысымы;

- №3 Беловодск жалпы билим берүү мектебине – Асанхан Жумакматовдун ысымы;

- №4 Ак-Суу жалпы билим берүү мектебине – Байтик Канай уулунун ысымы;

- Биринчи Май жалпы билим берүү мектебине – Алыкул Осмоновдун ысымы.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоо үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Т.Урманбетов
