Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын III-кварталына аткарылган иштери тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 20 – октябрындагы № 01-3/63
Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын III-кварталына аткарылган иштери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын III-кварталына аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:
-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берилип турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоо үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А.Т.Урманбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон